Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жекшенкулов: миграция социалдык эмес, саясий маселеге айланып кетип жатат

© Sputnik / Исмаил МамытовМурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов. Архив
Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов жакынкы жылдарда өлкөдө өндүрүштү күчөтүү менен сырткы миграцияны кескин кыскартуу керектигин айтты.
Жекшенкулов: миграция социалдык эмес, саясий маселеге айланып кетип жатат

Миграция — социалдык эмес, саясий маселелерге айланып кетип жатат. Андыктан өкмөт чечкиндүү кадамдарга баруусу учурдун талабы. Мындай пикирин Аликбек Жекшенкулов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, чет өлкөдө иштеп жүргөн жарандардын укуктук маселелери тиешелүү деңгээлде корголбой келет.

"Албетте, жумушсуздуктун айынан мекендештерибиз башка жактарга барып, иштеп келгенге аргасыз болууда. Бул маселе жылдан-жылга курчуп жатат. Жакынкы жылдары абалды кескин өзгөртүп, өкмөт жаңы жумушчу орундардын тузүлүүсүн шарттабаса, бул социалдык көйгөй эмес, саясий маселеге айланып кетиши мүмкүн", — деди Жекшенкулов.

Ал сырткы миграцияны азайтууга аракеттин кажети жок деген пикир менен макул эместигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0