Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мамбеталиева: айыл туризми акырындап өнүгүүдө

© Sputnik / Исмаил Мамытов"Коомчулукка багытталган туризм" ассоциациясынын маркетинг боюнча адиси Айша Мамбеталиева. Архив
Коомчулукка багытталган туризм ассоциациясынын маркетинг боюнча адиси Айша Мамбеталиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Коомчулукка багытталган туризм" ассоциациясынын маркетинг боюнча адиси Айша Мамбеталиева Кыргызстан массалык туризмге жол бербеши керектигин айтты.
Мамбеталиева: айыл туризми акырындап өнүгүүдө

Айыл туризми акырындап өнүгүүдө. Анткени чет элдиктер биздин кооз табиятыздан сырткары, калктын кадимки жашоосуна да кызыгуусу күч. Мындай пикирин Айша Мамбеталиева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкө тууралуу кенен маалыматтар азырынча интернет айдыңында азыраак. Туристтер көбүнесе бири-биринен угуп келишүүдө.

"Айылдык туризмдин эң жакшы учуру июль, август айлары болот. Туристтик аймактарда жашаган жергиликтүү калк да муну билип калды. Кадимкидей конок үйлөрүн куруп, тейлөө сапатын жылдан жылга өнүктүрүп, саякатчыларды кабыл алып жатышат. Туристтердин келүүсү барган сайын күчөп, айылдык туризм өнүгүүдө. Бирок биз массалык туримзге жол бербешибиз керек. Ага жаратылышыбыз да туруштук бере албайт", — деди Мамбеталиева.

Ал тейлөө сапаты жогорулаганы менен кыргызстандыктар дагы деле таштанды маселесине кайдыгер карап жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0