Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ажыкулов: мигранттар салган акча экономикалык шакекчени түзбөйт

© Sputnik / Жоомарт УраимовЖИА бизнес ассоциациясынын төрагасы Темирбек Ажыкулов. Архив
ЖИА бизнес ассоциациясынын төрагасы Темирбек Ажыкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖИА бизнес ассоциациясынын төрагасы Темирбек Ажыкулов ар бир өлкө үчүн адам ресурсу баалуу болуш керектигин айтты.
Ажыкулов: мигранттар салган акча экономикалык шакекчени түзбөйт

Мигранттар өлкөгө которгон акчалар экономикалык шакекчени жаратпайт. Товар болуп же башка чыгымдар менен кайра эле өлкөдөн чыгып кетет. Мындай пикирин Темирбек Ажыкулов Sputnik Кыргызстан радиосунун 11-июлдагы таңкы эфиринде миграциялык маселелер боюнча маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жарандар башка өлкөгө өз кесиби менен иштеп кеткенде гана мекени үчүн пайда алып келе алат.

"Биз мигранттар көп акча жиберип жатат, мамлекеттин казынасын толтурууга жардамы чоң деп кубанбашыбыз керек. Анткени бул жерде эч кандай экономикалык шакекче жок. Ал акчалар кайра эле товарга айланып, же той-топурга жумшалып жок болуп кетүүдө. Мигранттардын өлкөгө көп акча которуп жаткандыгы учурунда жакшы көрүнгөнү менен түпкүрүндө мамлекет үчүн кооптуу. Ар бир өлкө үчүн жарандары биринчи байлыгы болуш керек. Биз сырткы миграцияга кайдыгер кароо менен ушул байлыгыбызды жоготуп жатабыз", — деди Ажыкулов.

Ал сырткы миграцияны кыскартуу үчүн билим берүү системасынан баштап комплекстүү иштерди жүргүзүү зарылдыгын кошумчалады.

Эскерте кетчү жагдай, респонденттин пикири редакциянын көз карашына дал келбей калышы мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0