Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жеңиш кызы: кыргыз бийин дүйнөгө таанытабыз

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Жей-Инвест Консалтинг" фирмасынын негиздөөчүсү Женни Жеңиш кызы
Жей-Инвест Консалтинг фирмасынын негиздөөчүсү Женни Жеңиш кызы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Жей-Инвест Консалтинг" фирмасынын негиздөөчүсү Женни Жеңиш кызы улуттук бий дүйнөлүк аренага чыгышы керектигин айтты.
Жеңиш кызы: кыргыз бийин дүйнөгө таанытабыз

Биз эми кыргыз бийин дүйнө элине таанытып, үйрөтүүгө колубуздан келишинче аракет жасайбыз. Бул тууралуу Женни Жеңиш кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, улуттук бий тууралуу маалыматты дүйнө эли да билиши шарт.

"Биз "Көчмөн кыргыз бий өнөрү" китебинин бет ачарын пилоттук негизде өткөрдүк. Мен буга чейин бир катар өлкөлөрдө иштеп, тажрыйба топтоп келгендиктен, аталган китеп аркылуу улуттук бийибизди чет жерге жайылтууну көздөп жатабыз. Кыргыз бийин алыстарга тааныта аларыбызга ишенем", — деди Жеңиш кызы.

Ал жакынкы айларда кыргыз бийин эл Youtube каналынан үйрөнө ала турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0