Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Шамшиев: миграциялык маселелер боюнча 189 номерине чалуу керек

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик миграция кызматынын тышкы миграция бөлүмүнүн башчысы Улан Шамшиев
Мамлекеттик миграция кызматынын тышкы миграция бөлүмүнүн башчысы Улан Шамшиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик миграция кызматынын тышкы миграция бөлүмүнүн башчысы Улан Шамшиев жарандар чет мамлекетке жумушка чыгаарда жөнөтүп жаткан компаниянын лицензиясын текшерип алуусу зарылдыгын айтты.
Шамшиев: миграциялык маселелер боюнча 189 номерине чалуу керек

Жарандар миграциялык маселелер боюнча 189 кыска номерине чалуусу керек. Бул номер аркылуу адам уурдоо, кулчулукка сатуу, мамлекеттин уруксаты жок иштеген компаниялар жөнүндө маалымат берип жана керектүү маалыматтарга ээ боло алат. Бул тууралуу Улан Шамшиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жарандар башка өлкөгө иштеп келүү максатында аттанаардын алдында ошол мамлекет тууралуубилип алуусу талапка ылайык.

"Чет мамлекетке чыгарда жарандарыбыз алгач өзүнүн коопсуздугун биринчи орунга койсо туура болмок. Ишке жөнөтүп жаткан ортомчу агенттиктин лицензиясы барбы-жокпу текшериши керек. Ал үчүн миграциялык кызматтын www.oes.kg дарегиндеги сайтына кирип же 189 кыска номерине чалып, билип алышса болот. Базарларда же башка жерлерден чет өлкөгө жумушка чакырган жарнаманы угаар замат документтерин алпарып берип салуудан сак болушса дейт элек", — деди Шамшиев.

Ал жарандарды маалымдоо багытында атайын маалыматтык китепчелер чыгарылып, аэропорт, темир жол вокзалында бекер таратылып турарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0