Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Букалаев: чет мамлекетте жүргөн жарандар үч жумада паспортун алмаштыра алат

© Sputnik / Табылды КадырбековКонсулдук кызмат департаментинин жетекчисинин орун басары Алмаз Букалаев
Консулдук кызмат департаментинин жетекчисинин орун басары Алмаз Букалаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Консулдук кызмат департаментинин жетекчисинин орун басары Алмаз Букалаев чет өлкөлөрдөгү элчилик, консулдуктардын негизги милдети өз өлкөсүнүн жарандарына документ иштерине жардам берүү болуп саналарын айтты.
Букалаев: чет мамлекетте жүргөн жарандар үч жумада паспортун алмаштыра алат

Чет мамлекетте жүргөн кыргызстандыктар үч жумада паспортун алмаштыра алат. Мурда документ алмаштыруу үчүн үч айга чукул убакыт кетчү. Бул тууралуу Алмаз Букалаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жаран паспортун жоготуп алган учурда же мөөнөтү бүтсө мекенге барбай эле, тиешелүү документтерди топтоп, элчиликке кайрылуусу зарыл.

"Автоматтык маалыматтык система киргизилгенден бери жарандардын башка мамлекетте жүрүп паспортун алмаштыруусу бир топ жеңилдеди. Мурда баары кагаз жүзүндө толтурулуп почта аркылуу жөнөтүлсө, азыр электрондук системада иштейбиз. Бул биринчи кезекте четте жүргөн жарандарга ыңгайлуу. Эми алар Кыргызстанда алгандай эле мөөнөттө, башкача айтканда, үч жума аралыгында паспортко ээ болушат", — деди Букалаев.

Ал жарандар башка мамлекетте жүрүп паспорт алмаштырууда алгач элчиликке кайрылып, маалымат алуусу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0