Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Темирбекова: Көчмөндөр оюнуна билеттер үч шаарда сатыла баштады

© Sputnik / Табылды КадырбековМаданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова
Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова Көчмөндөр оюндарына билеттерди эртерээк алып коюуну сунуштады.
Темирбекова: Көчмөндөр оюнуна билеттер үч шаарда сатыла баштады

Көчмөндөр оюндарына билеттер Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларында сатыла баштады. Сатып алууну каалагандар "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасына кайрылуусу зарыл. Бул тууралуу Айнура Темирбекова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, билеттердин баасы ачылыш аземине 400 сомдон 4900 сомго чейин, ал эи жабылыш аземине 300 сомдон тартып 3800 сомго чейин сатылууда.

"Көчмөндөр оюндарына билеттер сатыкка чыкты. Мен оюнга келүүнү каалагандарга билеттерди эртерээк алып коюуну сунуштайт элем. Мүмкүн ата-энесин алып келеттир же шеринелештер, классташтар, кандайдыр бир жамааттар чогуу келүүнү кааласа, баары бир жерден орун алганы жакшы да. Айта кетчү дагы бир жагдай, арзан билеттер орду боюнча кымбат билеттерден көп деле айырмаланбайт. Атайын орнотулган көлөмдүү экрандардан болуп жаткан оюндар жакшы көрүнүп турат. Ошондой эле көчмөндөр оюндарында билетсиз, бекер көрө турган да көптөгөн программалар бар", — деди Темирбекова.

Ал коопсуздук үчүн билет сатып алууда кардарды сүрөткө тартып алуу каралгандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0