Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сурабалдиева: социалдык төлөмдөрдү азайтуу керек

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Эльвира Сурабалдиева
Депутат Эльвира Сурабалдиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясынын депутаты Элвира Сурабалдиева учурда өлкөдө салык системасы ийкемдүү болгону менен социалдык төлөмдөрдүн пайыздык көрсөткүчү жогору экенин айтты.
Сурабалдиева: социалдык төлөмдөрдү азайтуу керек

Социалдык төлөмдөрдү азайтсак, орто жана чакан бизнес менен алектенген ишкерлерге жардам бере алабыз. Мындай пикирин Элвира Сурабалдиева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ишкерлердин кызматчыларына айлык акы төлөөдөгү социалдык төлөмдөрү жогору болууда.

"Бизде учурда салык системасы ыңгайлуу. Жүргүзүлгөн түрдүү реформалардын жыйынтыгында ишкерлер үчүн жеңилдиктер бар. Бирок соцтөлөмдү 27 пайыздан жок дегенде 20 пайызга түшүрүү керек. Ошондо ишкерлер да көмүскөдөн чыгып, мыйзам чегинде иштөөгө өтөт. Мен бизнесте жүргөн, бул маселени ичинен билген адам катары ишкерлерди да түшүнүп турам. Социалдык төлөмдөрдүн пайызы көптүгүнөн ишкерлер аргасыз көмүскөгө өтүүдө" — деди Сурабалдиева.

Ал соцтөлөмдөрдү азайтууну орто жана чакан бизнес ээлери колдой тургандын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0