Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эркимбаев: аянтта ыргытылган сагыздарды кол менен кырып жууйбуз

© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Тазалык" муниципалдык ишканасынын Свердлов району боюнча улук мастери Азамат Эркимбаев. Архив
Тазалык муниципалдык ишканасынын Свердлов району боюнча улук мастери Азамат Эркимбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Тазалык" муниципалдык ишканасынын Свердлов району боюнча улук мастери Азамат Эркимбаев өчпөс от жана Ала-Тоо аянты жарандар тарабынан ыргытылган сагыздын калдыктарын кетирүү үчүн жуула турганын айтты.
Эркимбаев: аянтта ыргытылган сагыздарды кол менен кырып жууйбуз

Аянтка ыргытылган сагыздарды кол менен кырып жууйбуз. Көпчүлүк сагызды көрүнгөн жерге түкүрүп кете берет. Бул тууралуу Азамат Эркимбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, майрамдарга карата тазалоо иштери бир жума же он күн мурда эле башталат.

"Ала-Тоо аянтында же дагы башка жерде көбүртүп жерди жууп жатканын көрсөңүздөр, демек алар сагыз калдыктарын тазалап жатышат. Биздин кызматкерлер жерге жабышып калган сагыздарды кырып, тазалап алып, андан соң атайын суюктуктун жардамы менен щеткалап жууп чыгышат. Майрамдык мааракелер өтөөрдө аянтты сагыз калдыктарынан бир нече күн мурда тазалап баштайбыз. Анткени ал көп убакытты талап кылган, түйшүктүү иш", — деди Эркимбаев.

Ал шаар тургундарын жана конокторун сейилдөө маданиятын үйрөнүүгө чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0