Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кыдыргычев: учурда тигилген бактардын үзүрүн кийинки муун көрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековАйлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин Чүй, Бишкек аймактык башкармалыгынын жетекчиси Аязбек Кыдыргычев
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин Чүй, Бишкек аймактык башкармалыгынын жетекчиси Аязбек Кыдыргычев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин Чүй, Бишкек аймактык башкармалыгынын жетекчиси Аязбек Кыдыргычев быйыл 2000 кыйылган бактын ордуна 10 000 көчөт отургузулганын айтты.
Кыдыргычев: учурда тигилген бактардын үзүрүн кийинки муун көрөт

Учурда жасалып жаткан жашылдандыруунун үзүрүн кийинки муундар көрөт. Эскирген бактар кыркылганы менен алардын ордуна эки эселеп кайра жаш көчөттөр эгилүүдө. Мындай пикирин Аязбек Кыдыргычев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бак кыюу иштеринин бардыгы пландын негизинде жүргүзүлүүдө.

"Бакты отургузуу бир иш болсо, аны багып өстүрүү өзүнчө түйшүк. Учурда Бишкектин аймагында жаз мезгилинде отургузулган бактардын 97 пайызы өнүп, өсүп жатат. Бул абдан жакшы көрсөткүч. Биздин жашылдандыруу технологиябызда тигилген бактардын 80 пайызы отурукташып, өсүп калса чоң жетишкендик деп эсептелет. Жашылдандыруу иштерин жүргүзүүдөгу сугат иштерине башаламан салынган курулуштар тоскоолдук жаратууда. Кубантарлык жагы — учурда жаңыдан салынып же оңдолуп жаткан көчөлөр ушул сугат маселесин да эске алуу менен жасалып жатат. Андыктан биз тиккен бак-дарактардын үзүрүн кийинки муундар көрөт деген ниеттебиз", — деди Кыдыргычев.

Ал курулуш жасап жатканда жашылдандыруу, ирригация маселелерине да көңүл буруу зарылдыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0