Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Назарбеков: эс алуучулар сууга түшүү эрежелерин сактабай кырсыкка кабылышат

© Фото / Азамат Ишеналиев Заместитель начальника службы спасения Бишкека Мелис Назарбеков
Заместитель начальника службы спасения Бишкека Мелис Назарбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын куткаруу кызматынын башчысы Мелис Назарбеков сууга түшүүчү жайларда жаш балдарга өзүнчө пляж болуусу талап кылынаарын айтты.
Назарбеков: эс алуучулар сууга түшүү эрежелерин сактабай кырсыкка кабылышат

Эс алуучулар сууга түшүү эрежелерин сактабагандыктан кырсыкка кабылышат. Алар куткаруучулар тарабынан берилген эскертүүлөргө көпчулүк учурда көңүл бурбай коюшат. Мындай пикирин Мелис Назарбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, суу кайыктары, скутерлер адамдар сууга түшкөн жерден 500 метр алыстыкта жүрүшү керек.

"Эс алуучулар көпчүлүк учурда эрежелерди сакташпай, кырсыкка кабылышат. Мунун кесепетинен өмүрү менен кош айтышкан учурлар көп эле болот. Чоңдорго 1,5 – 2 метрден терең жерге кирүүгө тыюу салынат. Атайын белгилер – буйлар бар. Андан ары терең болот, бирок эс алуучулар буйлардан өтүп кетип же аларды минип ойногон учурлар көп. Скутерлерди да 12 жаштан өйдө балдарга гана өз алдынча башкарууга жол берилет. Ошондой эле ал адамдардан алыс жүрүшү керек. Биздикилер болсо бир скутерден башкасына секирип ойношот. Мындан сырткары, спирт ичимдиктерин ичип алып сууга түшүү да абдан кооптуу. Ал эми жаш балдар үчүн өзүнчө пляж болуусу талап кылынат", — деди Назарбеков.

Ал пляжга барганда ата-энелер балдарына дыкат көнүл буруусу зарылдыгын жана аларды өз алдынча сууга коё бербөө керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0