Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Алакунов: жерди каптаган чегиртке дыйкандарга зыян келтирген жок

© Sputnik / Табылды КадырбековАйыл чарба министрлигинин Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин бөлүм башчысы Алмаз Алакунов
Айыл чарба министрлигинин Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин бөлүм башчысы Алмаз Алакунов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыл чарба министрлигинин Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин бөлүм башчысы Алмаз Алакунов 126 миң гектардын ичине жайыттар да кирерин айтты.
Алакунов: жерди каптаган чегиртке дыйкандарга зыян келтирген жок

Бүгүнкү күндө республика боюнча жалпы 126 миң гектардан ашык жерди чегиртке басты. Бул тууралуу Алмаз Алакунов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, зыянкеч чегирткелер каптаган жердин 121 миң гектары дарылоо иштеринен өтүп бүттү.

"Мындай көрүнүшкө биз даярданганбыз. Анткени чегирткелердин каптоосу 8-10 жылда бир кайталанып турат. Мындан 10 жыл мурда 2008-жылы да чегиртке каптаган. Учурда 126 миң гектардын 95 пайыздан ашык жерине дарылоо иштери жүргүзүлүп бүттү. Биз даяр болгондуктан, химиялаштыруу иштери ыкчам болду", — деди Алакунов.

Ал чегирткелердин айдоо аянттарына жайылуусу дыйкандарга зыян алып келбегенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0