Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кыдырбаев: салык төлөп, бизнести ачык жүргүзүүгө ишкерлер да кызыкдар

© Sputnik / Табылды КадырбековБизнес ассоциацияларынын улуттук биримдигинин төрагасы Улук Кыдырбаев. Архив
Бизнес ассоциацияларынын улуттук биримдигинин төрагасы Улук Кыдырбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бизнес ассоциацияларынын улуттук биримдигинин төрагасы Улук Кыдырбаев айрым учурларда ишкерлерди салык төлөөдөн баш тартууга салыкчылар өздөрү түртүп жаткандыгын айтты.
Кыдырбаев: салык төлөп, бизнести ачык жүргүзүүгө ишкерлер да кызыкдар

Салыктарды төлөп бизнети ачык жүргүзүүгө ишкерлер да кызыкдар. Өзгөчө чакан жана чакан бизнес ээлерине бул ыңгайлуу болмок. Мындай пикирин Улук Кыдырбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкө аймагында салык мыйзамдары ишкерлерге ийкемдүү шарт түзгөнү менен айрым салык кызматкерлери ал мыйзамдарды аткарышпайт.

"Бирөө ишкерлик менен алектенип баштаса эле текшерүүлөр көбөйөт. Эгер жаңыдан бизнеске аралашып жаткан адам болсо, мыйзам жүзүндө ошол талап кылынган нерселерди жасабай эле, салык кызматкери менен жең ичинен сүйлөшсө оңой болот экен деп ойлойт. Анткени айрым салыкчылар өздөрү ишкерди ушуга мажбурлашат. Мунун кесепетинен көмүскө ишкерлик көбөйүүдө. Чынында биздин мыйзамдар ишкерликке абдан ыңгайлуу ", — деди Кыдырбаев.

Ал ишкерлер чочулабай эле барын мыйзамдын негизинде жасоо керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0