Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жусупбекова: ординатуралык билим алуу бир жылга узартылды

© Sputnik / Табылды КадырбековСаламаттык сактоо министрлигинин кадрдык иш жана билим берүү бөлүмүнүн башчысы Нурида Жусупбекова
Саламаттык сактоо министрлигинин кадрдык иш жана билим берүү бөлүмүнүн башчысы Нурида Жусупбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигинин кадрдык иш жана билим берүү бөлүмүнүн башчысы Нурида Жусупбекова медицина жаатында окугандар үчүн ординатуранын узартылышы пайдалуу болорун айтты.
Жусупбекова: ординатуралык билим алуу бир жылга узартылды

Ординатуралык билим алуу бир жылга узартылды. Бул тууралуу Нурида Жусупбекова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кошулган бир жылдын ичинде студент такшалып даяр адис боло алат.

"Медициналык академияда окуган студенттер алты жыл базалык билим алгандан кийин гана ординатуралык билим ала алышат. Ординатура мурда эки жыл болсо, ал эми азыр окуган бөлүмүнө жараша жылдары узартылды. Бул окууну аяктаган бүтүрүүчү жумушка даяр эместигинен улам чыгууда. Иштеп жүргөн врачтардын баары аларды кайра башынан окутуп, жаңыдан үйрөтүп жатканын айтып нааразы болуп жатат", — деди Жусупбекова.

Ал ар бир врач базалык билимге ээ болуп, жалпы оорулар тууралуу маалыматы болушу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0