Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жумабеков: эл толтурган бюджетти кайра элге жумшашыбыз керек

© Фото / пресс-служба ЖК/ Ашыркул ОморовЖК төрагасы Дастан Жумабеков
ЖК төрагасы Дастан Жумабеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖК төрагасы Дастан Жумабеков өлкөдө коррупция менен күрөшүү катуу жүрүп жаткандыгын айтты.
Жумабеков: эл толтурган бюджетти кайра элге жумшашыбыз керек

Эл толтурган бюджетти кайра элге жумшашыбыз керек. Ошондо биз коррупция менен күрөшкөн болобуз. Мындай пикирин Дастан Жумабеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жемкорлук менен күрөш эми башталды жана ушуну менен бүтүп калбайт.

"Президент Сооронбай Жээнбековдун программасынын алкагында республикада коррупция менен күрөш кескин түрдө жүрүп жатат. Албетте, азырынча жыйынтык күтүүгө эрте, бирок ошентсе да иштин башталганын көрүп жатабыз. Биз мамлекетти өнүктүрөбүз десек, элдин акчасын кайра элге беришибиз керек. Салык төлөп, бюджетти толтуруп жаткан калктын жашоо шартын жакшыртуу менен гана толук максатыбызга жете алабыз" — деди Жумабеков.

Ал коррупция менен күрөшүүдө ар бир жаран активдүү катышса мыкты майнап чыгарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0