Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Макимбетов: ординатуранын узартылышына ата-энелер нааразы

© SputnikБорис Ельцин атындагы Кыргыз-орус славян университетинин онкология кафедрасынын профессору Эмил Макимбетов
Борис Ельцин атындагы Кыргыз-орус славян университетинин онкология кафедрасынын профессору Эмил Макимбетов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борис Ельцин атындагы Кыргыз-орус славян университетинин онкология кафедрасынын профессору Эмил Макимбетов эми медициналык факультеттердин бүтүрүүчүлөрү аймактарга барып, бир жыл иштеп келүүгө милдеттендирилгенин айтты.
Макимбетов: ординатуранын узартылышына ата-энелер нааразы

Ординатуралык окуунун узартылышына ата-энелер нааразы. Мурда эки жыл болсо, азыр өкмөттүн жаңы токтомуна ылайык бир жылдык тажрыйба топтоо да кошулду. Бул тууралуу Эмил Макимбетов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жаңы токтомго ылайык жогорку билимдүү дарыгер болуу үчүн эми 10-11 жыл окууга туура келүүдө.

"2017-жылы чыккан токтомго ылайык медициналык окуу жайын 6 жыл окуп бүтүргөн студенттер бир жылга айыл жерине барып иштеп келүүсү керек. Андан соң дагы эки жыл ординатуралык окуусун улантат. Албетте, бул өлкө аймактарында дарыгерлердин жетишсиздигинен жасалып жаткан кадамдар, бирок студенттердин ата-энелери нааразы болууда", — деди Макимбетов.

Ал медициналык билим берүү тармагында реформа жасаарда кошуна мамлекеттерди карап, үлгү алууга болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0