Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ырысов: быйыл стоматология факультетинин келишим баасы — 90 миң сом

© SputnikИса Ахунбаев атындагы КММАнын проректору, профессор Кеңешбек Ырысов
Иса Ахунбаев атындагы КММАнын проректору, профессор Кеңешбек Ырысов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иса Ахунбаев атындагы КММАнын проректору, профессор Кеңешбек Ырысов окуу жайдагы тиш доктурлукка окутуу келишимдик негизде гана жүргузүлөрүн айтты.
Ырысов: быйыл стоматология факультетинин келишим баасы — 90 миң сом

Быйыл стоматологиялык факультеттин келишим баасы — 90 миң сом. Окуу курсу жогорулаган сайын акысы азайат. Бул тууралуу Кеңешбек Ырысов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, баа Монополияга каршы агенттиги, Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте чечилет.

"Быйылкы жылдын прейскуранты боюнча дарылоо, педиатрия факультеттеринин контракттык төлөмү — 80 миң сом, фармацияныкы — 70 миң сом, жогорку билимдүү медайымдарды даярдоо факультетиники — 37 миң сом жана стоматологияга окууну каалагандар жылына 90 миң сомдон акы төлөшөт. Окуу курстары жогорулаган сайын акысы арзандайт. Бул баалар окутуучу курамга карап, билим берүүдө кетчү чыгымдарды эсептеп чыгуу менен белгиленген", — деди Ырысов.

Ал КММАда көзү азиз жарандарды укалоочулукка үйрөтүүчү акысыз окуу бөлүмү бар экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0