Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Алымбаева: жаштар арасында бизнес баштоо модага айланды

© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Мен ишкермин" ишкерлер клубунун негиздөөчүсү Асел Алымбаева
Мен ишкермин ишкерлер клубунун негиздөөчүсү Асел Алымбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Мен ишкермин" ишкерлер клубунун негиздөөчүсү Асел Алымбаева бизнес баштайм деген жаштарга мүмкүнчүлүктөр көп экенин айтты.
Алымбаева: жаштар арасында бизнес баштоо модага айланды

Жаштар арасында бизнес баштоо модага айланды. Бул тууралуу Асел Алымбаева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, андан бизнес жаатында кеңеш сурап кайрылгандар арбын.

"Бүгүнкү күндө жаштар өзүнүн арабасын өзү сүйрөшү керектигин түшүндү. Мамлекет тарабынан колдоо күтүп отурбастан, өзүнүн келечеги үчүн өзү кам көргөн жаштарыбыз көбөйдү. Ошол эле учурда 50 жаштан өтүп калган эжелер да бизге кайрылып, кеп-кеңеш сурап турушат. Биз да ишкерлик менен алектенгиси келгендерге жардам берүү максатында конкурс уюштуруп, жеңген долбоорго акчалай сыйлык бергени жатабыз", — деди Алымбаева.

Ал Бишкекте тамак-аш тармагында бизнес ачуу көбүрөөк пайда алып келерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0