Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Максутов: Көчмөндөр оюнун башка өлкөлөргө өткөрүп берүү каралууда

© Sputnik / Табылды КадырбековIII Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башкы режиссеру Алтынбек Максутов
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башкы режиссеру Алтынбек Максутов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башкы режиссеру Алтынбек Максутов даярдыктар өз убагында бүтөрүн айтты.
Максутов: Көчмөндөр оюнун башка өлкөлөргө өткөрүп берүү каралууда

Көчмөндөр оюндарын башка мамлекеттерге өткөрүп берүү жагы каралууда. Быйылкы оюндарда бул маселе чечилет. Мындай пикирин Алтынбек Максутов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, буга чейинки оюндарда жасалган кемчилик жана артыкчылыктарды эске алуу менен долбоордун бирдиктүү эрежелери иштелип жатат.

"Сын-пикир жок жерде өсүш болбойт. Жумушчу топдун дарегине айткан бардык сындарды эске алып жатабыз. Каражат маселесине, Кырчын жайлоосунун экологиялык абалына тынчсызданып, ар эки жылда эмес, узагыраак убакытта өткөрөлү деген мекенчил жарандарга терең ыраазычылыгымды билдирем. Быйыл бул маселени да чечебиз. Башка мамлекеттерге өткөрүп берүү, кабыл алуу эрежелери кандай болот деген суроолор жаралууда. Келечекте өздөрүндө өткөрүүнү каалаган башка өлкөлөр кыргыздан чыккан долбоор экенин белгилеп кетишсе деген максатта учурда документ иштери каралууда", — деди Максутов.

Ал башка мамлекеттерден өз каражатына келип катышып кетүүнү каалаган чыгармачыл топтор көп болуп жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0