Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кочоров: медицинада заманбап жабдуулардын аздыгы көйгөй жаратат

© Sputnik / Табылды КадырбековПрофессор кафедры общефакультетской хирургии КГМА, доктор медицинских наук Орозалы Кочоров
Профессор кафедры общефакультетской хирургии КГМА, доктор медицинских наук Орозалы Кочоров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медицина илиминин доктору Орозалы Кочоров кыргыз медицинасына заманбап медициналык жабдуулар жетишпей жатканын айтты.
Кочоров: медицинада заманбап жабдуулардын аздыгы көйгөй жаратат

Медицинада заманбап жабдуулардын аздыгы көйгөй жаратат. Бул тууралуу Орозалы Кочоров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул маселе чечилсе бейтаптар үчүн бардык шарттар түзүлмөк.

"Быйыл кыргыз медицинасынын 140 жылдыгын билгилеп жатабыз. Бул аралыкта бир топ жетишкендиктерге жетүү менен кемчиликтерибиз да жок эмес. Ушу тапта биздеги ооруканаларга бир гана заманбап, эл аралык стандарттагы жабдуулар жетишпей келет. Бейтаптар үчүн калган шарттардын баары түзүлгөн. Бул маселени чечүү карапайым адамдардын эмес өкмөттүн колунда", — деди Кочоров.

Ал медициналык заманбап жабдууларды алдырууга аракеттер көрүлүп жатканын жана оор операциялар да Кыргызстанда жасала баштай турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0