Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жакишева: адам күнүнө 5 маал бир убакта тамактануусу керек

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук госпиталдын гастроэнтерология бөлүмүнүн дарыгери Элвира Жакишева
Улуттук госпиталдын гастроэнтерология бөлүмүнүн дарыгери Элвира Жакишева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук госпиталдын гастроэнтерология бөлүмүнүн дарыгери Элвира Жакишева ашказан ооруларынын алдын алуу үчүн туура тамактануу зарыл экендигин айтты.
Жакишева: адам күнүнө 5 маал бир убакта тамактануусу керек

Адам күнүнө беш маал бир убакта тамактануусу керек. Үч ирет толук тамактанса, эки жолу жеңил бир нерселерди жеп алса болот. Мындай пикирин Элвира Жакишева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде ашказан оорулары тууралуу маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда республика аймагында ашказан ооруларына чалдыккандар көбөйүүдө.

"Тамактанууда эмне жеп жатканыбыз кандай маанилүү болсо аны кантип жеп атканыбыз да өтө маанилүү. Адистер майда чайнап жутуу керек дешет. Тагыраак айтканда, 33 жолу чайноо талапка ылайык. Ошондой эле кашыкка аз өлчөмдө алып, шашпай тамактануу туура. Суусундукту тамактын артынан ичиш керек. Анын өтө ысык же өтө муздак эмес болгону жакшы. Ошондой эле кандай гана маанилүү жумуш болбосун, ар күн сайын бир учурда тамактануу маанилүү", — деди Жакишева.

Ал туура тамактануу менен көптөгөн ички органдардын дартын алдын алса болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0