Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Максутов: Көчмөндөр оюндарына корей ырчыларын чакырып жатабыз

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкс-министр культуры КР, режиссер, актер Алтынбек Максутов
Экс-министр культуры КР, режиссер, актер Алтынбек Максутов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башкы режиссеру Алтынбек Максутов сүйлөшүүлөр соңуна чыкканда кошумча маалымат берилерин айтты.
Максутов: Көчмөндөр оюндарына корей ырчыларын чакырып жатабыз

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына корей ырчыларын чакырып жатабыз. Бул тууралуу Алтынбек Максутов Sputnik Кыргызстан радиосуна иш-чарага даярдык тууралуу сүйлөп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда даярдык өз нугу менен жүрүүдө.

"III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы жана жабылышы өзгөчө болот. Азырынча кандай болорун сыр кылып турайын. Жабылышында дүйнөлүк жылдыздардын катышуусунда гала концерт тартууланат. Баары такталып бүткөндө коомчулукка жар салабыз. Айрымдарын айта кетсек, Өзбекстандан "Ялла" тобунун келиши күтүлүүдө. Азыр жаштарга популярдуу болгон корей ырчыларын да чакырып жатабыз", — деди Максутов.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-сентябрда башталып 8-сентябрда жыйынтыкталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0