Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абетекова: "Кыргыз кайрык" долбоорун эл аралык деңгээлге чыгарууну ойлоп жатабыз

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Кыргыз кайрык" долбоорунун жетекчиси Алтынай Абетекова
Кыргыз кайрык долбоорунун жетекчиси Алтынай Абетекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргыз кайрык" долбоорунун жетекчиси Алтынай Абетекова аталган долбоордун алкагында Ысык-Көлдө фестиваль болорун айтты.
Абетекова: "Кыргыз кайрык" долбоорун эл аралык деңгээлге чыгарууну ойлоп жатабыз

"Кыргыз кайрык" долбоорун эл аралык деңгээлге чыгарууну ойлонуп жатабыз. Бул тууралуу Алтынай Абетекова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде улуттук баалуулуктарды жандантуу боюнча сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, "Кыргыз кайрык" долбоору улуттук музыканы жайылтууну көздөйт.

"Ачыгын айтканда "Кыргыз кайрык" долбоорунун мөөнөтү алты ай гана болгондуктан көп нерсеге жетишпей калдык. Катышуучулардын да саны чектелип, республиканы гана камтып жатат. Ушундан улам долбоорду улантып, эл аралык деңгээлге чыгарсакпы деп ойлоп жатабыз. Бир гана биздин салттуу музыканы эмес, кошуна өлкөлөрдүн да салттуу музыкасын кошсок деген ой бар", — деди ал.

Абетекова долбоордун улануусун каалагандар көп болуп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0