Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Көчөрбаев: Самара Токтакунова баспаган кызыл килемден кимдер гана баспады

© Sputnik / Табылды КадырбековБелгилүү дастанчы Самат Көчөрбаев. Архив
Белгилүү дастанчы Самат Көчөрбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилүү дастанчы Самат Көчөрбаев кыргыздын салттык маданиятына алгылыктуу көңүл бурулбай жаткандыгын айтты.
Көчөрбаев: Самара Токтакунова баспаган кызыл килемден кимдер гана баспады

Самара Токтакунова баспаган кызыл килемден кимдер гана баскан жок! Дүйнөнү багындырган талант ээси да өз мамлекетинен тиешелүү деңгээлде сый көрбөй келет. Мындай пикирин Самат Көчөрбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик идеологиянын жоктугунан жалпы коомчулук улуттун уңгулуу маданиятын унутуп, жеңил-желпи шаан-шөкөткө берилип кетти.

"Биз чыгармачыл адамдар өз көңүлүбүздү көтөрүп ар дайым жакшы нерселерди айтабыз. Өнүгөт, келечекте баары калыбына түшөт дейбиз, бирок мамлекеттик массалык маалымат каражаттарында атайын манасчылыкка же дастанчылыкка арналган долбоорлор жок болсо, өзүң катышайын деп барсаң "сен дастан айтат турбайсыңбы, эки эле мүнөт ырдап кой" деп турушса, кантип маданиятыбызды өнүктүрөбүз? Учурда мамлекет Самара Токтакуновадай болгон таланттарыбызга да жеткиликтүү көңүл бурбай келет. Ал баспаган кызыл килемден жаңы гана микрофон кармаганды үйрөнгөн жаштарды өткөрүп, сыйлап жатышат", — деди Көчөрбаев.

Ал мындай мамиле сыйлык берүү жаатында да болуп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0