Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жаманкулов: тарыхый жайларга барчу жолдор оңдоло баштайт

© Sputnik / Жоомарт УраимовГлава Департамента туризма КР Азамат Жаманкулов
Глава Департамента туризма КР Азамат Жаманкулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов туризмди өнүктүрүү багытындагы 2020-жылга чейинки программада тарыхый жайларга барчу жолдорду оңдоого өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгын айтты.
Жаманкулов: тарыхый жайларга барчу жолдор оңдоло баштайт

Тарыхый жайларыбызды көздүн карегиндей сакташыбыз керек. Анткени, туристтер биздин кооз табиятыбыздан сырткары тарыхый жерлерибизге да кызыгат. Мындай пикирин Азамат Жаманкулов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, программанын алкагында быйыл көчмөндөр оюнуна байланыштуу Семенов жана Григорьев капчыгайына кетчү жолдор жасалууда.

"Кийинки жылга Сары-Челек, Соң-Көлгө барчу жолдорду оңдоо пландалууда. Андан сырткары, Бишкек – Чүңкурчак – Ала-Арча жолун дагы шакекче түрүндө карап жатабыз. Бул борбор калаабызга аз күнгө иш сапары менен келген туристтер үчүн абдан ыңгайлуу маршрут болот. Кыска убакытта, бир нече кооз жерге саякаттаганга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондой эле маданий, тарыхый жайларыбызды оңдоп-түзөөгө да бул программанын алкагында жакшы көңүл бурулат ", — деди Жаманкулов.

Ал программанын алкагында Таш-Рабат, Өзгөн мунарасы сыяктуу тарыхый-маданий жайлар да оңдоп-түзөөдөн өтөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0