Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Иманалиев: Ысык-Көлдү таза сактоо жалпыбыздын милдетибиз

© Sputnik / Табылды КадырбековАким Иссык-Кульского района Данир Иманалиев
Аким Иссык-Кульского района Данир Иманалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев жарандарды таштандыны полиэтилен баштыктарына салбай ыргытууга чакырды.
Иманалиев: Ысык-Көлдү таза сактоо жалпыбыздын милдетибиз

Ысык-Көлдү таза сактоо жалпыбыздын милдетибиз. Биз жыл сайын мугалимдерди, дарыгерлерди жада калса милицияны Ысык-Көлдүн жээгин тазалоо иштерине тартабыз, бирок эс алуучулар да таштандыны ой келди жерге ыргытпоого үйрөнсө. Мындай пикирин Данир Иманалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 10-20 күндө чирип жок болуучу таштандылар полиэтилен баштыктарына салынып ыргытылганда жылдап чирибей жата берет.

"Биз таштандынын морфологиясын карап чыкканыбызда башкы көйгөй полиэтилен баштыктары болуп чыкты. Жалпы таштандынын 70-80 пайызы да ушул баштыктар. Ага салынган таштанды бат чирибегендиктен, көлөмү да көбөйүп кетип жатат. Андыктан, биз Жогорку Кеңешке полиэтилен баштыктарына Ысык-Көл айланасында тыюу салуу боюнча өз сунушубузду бердик. Жылда көлдүн айланасын тазалайбыз, Бишкектен ыктыярчылар келип жардамдашат, бирок жыйынтык жок болуп жатат. Жалпы эс алуучулардан суранып кетет элем, эс алган жерибизди таза кармасак", — деди Иманалиев.

Ал таштандыны кайра иштетүүчү заводдорду куруу да мезгил талабы экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0