09:17 24 Кулжа 2018
Түз эфир
  • USD68.2440
  • EUR79.6305
  • RUB1.0791
Жаштар иши жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын басма сөз катчысы Мирлан Бекболотов
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Бекболотов: кыргыз футболу өнүгүү жолунда

Радио
Кыскача шилтеме алуу
88 0 0

Жаштар иши жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын басма сөз катчысы Мирлан Бекболотов футболго кызыккан жаштар көбөйүп жатканын айтты.

Кыргыз футболу өнүгүү жолунда экендигин Мирлан Бекболотов Sputnik Кыргызстан радиосунда футбол тууралуу маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, футбол боюнча секцияларга келген жаш балдардын саны көбөйүүдө.

"Акыркы жылдары кыргыз футболу өнүктү. Буга мисал катыры тарыхыбызда биринчи жолу Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө чыкканыбызды айтсак болот. Учурда футболду массалык түрдө ойноп жатышат. Бул дагы өтө жакшы көрүнүш. Биздин спорттук мектептерде футбол секциялары өз ишин алып барууда. Буюрса алардын мыкты оюнчулар чыгат", — деди Бекболотов.

Эске сала кетсек, бүгүн түнү Россияда футбол боюнча дүйнө биринчилиги башталат.

Тема боюнча

Россиядагы Футбол чемпионатынын ачылыш аземинде болчу өзгөчөлүктөр
Белгилер:
жаштар, Футбол, Россия
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ