Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кааров: Сулайман-Тоону суугарууга 6 миллион сом бөлүндү

© Sputnik / Зульфия Тургунова"Ошпроектстрой" ишканасынын өкүлү Мухаммед Кааров
Ошпроектстрой ишканасынын өкүлү Мухаммед Кааров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарындагы Сулайман-Тоонун күңгөй тарабы жамгырлатып сугарылып, 13-июнь күнү буга чейин орнотулган түтүктөр алгачкы жолу иштеди.
Кааров: Сулайман-Тоону суугарууга 6 миллион сом бөлүндү

Сулайман-Тоону суугарууга 6 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу демилгенин көтөрүп чыккан "Ошпроектстрой" ишканасынын өкүлү Мухаммед Кааров Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, эми мындан ары аталган тоонун күңгөй тарабындагы 8 гектар жердеги бак-дарактар да жамгырла туу жолу менен сугарылып турат.

"Бул демилге "Ошпроектстрой" ишканасы аркылуу көтөрүлүп, аны "Улар транс" курулуш ишканасы ишке ашырды. Учурда 8 гектар аянт жерге 162 даана түтүк орнотулду. Ага республикалык бюджеттин эсебинен 6 миллион сом акча бөлүндү. Бир учурда 162 түтүктүн баарын иштетүүгө болбойт. 5 түтүк иштетилип, ал 25 метрден 35 метрге чейинки аралыкка сууну чачыратып жер менен кошо бак-дарактар сугарылат. Түтүктөр бир саат бою иштейт. Андан соң башка беш түтүктү иштете баштайбыз", — деди Кааров.

Ал сугаруунун мындай ыкмасы буга чейин чет өлкөдө колдонулуп келген болсо, эми Кыргызстанда да иштей баштагандыгына токтолду. Бул ыкма сууну 60 пайызга үнөмдөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0