16:59 22 Тогуздун айы 2018
Түз эфир
  • USD69.3319
  • EUR79.8391
  • RUB1.0616
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин врач-эпидемиологу Айнура Мамбеталиева
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Мамбеталиева: Кыргызстанда учурда менингит оорусу жайылган жок

Радио
Кыскача шилтеме алуу
94 0 0

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин врач-эпидемиологу Айнура Мамбеталиева быйыл беш айдын жыйынтыгы боюнча өлкө аймагында 12 адам менингит оорусуна чалдыкканын айтты.

Кыргызстанда учурда менингит оорусу жайылган жок, абал туруктуу. Бул тууралуу Айнура Мамбеталиева 12-июнда Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, интернетте тарап жаткан ар кандай маалыматтар чындыкка дал келбейт.

"Былтыркы ушул учурга салыштырмалуу быйыл менингит оорусу 2,5 эсеге азайган. Жалпысынан 12 адам деп жатабыз. Бирок алардын жетөө менингококк вирусу менен келген түздөн-түз оорунун өзү менен эмес, башка оорулардын өтүшүп кетип менингитке айланган түрү менен ооруканага жаткырылган", — деди Мамбеталиева.

Ал менингит оорусу көбүнчө жаз, күз айларында катталарын кошумчалады.

Тема боюнча

Кыргызстанда эки бала менингиттен көз жумду деген маалымат жалган
Кыргызстанга Казакстандан менингит оодубу? Министрликтин жообу
Белгилер:
менингит, ден соолук, Айнура Мамбеталиева
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ