Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Иманалиев: азыр акимдер эч нерсени чечпей калды

© Sputnik / Табылды КадырбековЫсык-Көл районунун акими Данир Иманалиев
Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев акыркы жылдарда мыйзамдарга болгон өзгөртүүлөрдөн улам район башчыларынын мүмкүнчүлүктөрү чектелип калганын айтты.
Иманалиев: азыр акимдер эч нерсени чечпей калды

Азыр акимдер эч нерсени чечпейт. Биз күчтүү мамлекет курабыз десек, акимдердин ыйгарым укуктарын жогорулатуубуз зарыл. Мындай пикирин Данир Иманалиев 13-июнда Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аймактарды өнүктүрүү үчүн бийлик вертикалдуу системада иштеши керек, башкача айтканда, айыл өкмөттөрү түздөн-түз районго баш ийиши зарыл.

"Акимчилик институту жергиликтүү маселелерди чечүүдө таасирин жоготту. Талапты акимдерге койгону менен алардын аткаруу мүмкүнчүлүгү чектелүү. Өз тажрыйбамдан алып айтайын, айыл өкмөттөрү өз бюджетинен бөлүп алып бир нерсе иш кылуудан да коркуп калышты. Анткени ошол аймактагы жергиликтүү кеңештин депутаттарынан көз каранды. Башкача айтканда, ошол жердеги 6 депутат маселени чечип коет. Ал эми айыл өкмөттөрүн шайлоодо депутаттар тобу же 1 депутат жана аким талапкер сунуштай алат, бирок өлкө боюнча бир да жерде акимдин сунуштаган кадры өткөн учур болбоптур", — деди Иманалиев.

Ал жергиликтүү кеңештердин көпчүлүк депутаттарынын билим, тажрыйба сапаты начар болуп жаткандыктан да ушундай көйгөйлөрчыгып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0