Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдылдаева: бала кесип тандоодо өз каалоосун алдыңкы планга коюш керек

© Sputnik / Асель АкматалиеваБилим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Гүлшан Абдылдаева. Архивное фото
Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Гүлшан Абдылдаева. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Гүлшан Абдылдаева ата-энелердин көпчүлүгү баласы үчүн кесип тандап коерун айтты.
Абдылдаева: бала кесип тандоодо өз каалоосун алдыңкы планга коюш керек

Кесип тандоодо бала өзүнүн каалоосун алдыңкы планга чыгарышы керек. Бул тууралуу Гүлшан Абдылдаева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, абитуриенттер окуу жай жана кесип тандоодо өзүлөрүнө караганда өзгөлөрдү көбүрөөк тындайт.

"Менталитетибизбе "менин балам ЖОЖго тапшырышы керек" деген милдеттендирме жашап келет. Ата-энелер баласын жетелеп барып эле окуу жайга тапшыртып, отургузуп коет. Баланын каалоосу, шыгы менен эсептешип да койбойт. Биздин мектеп окуучулары кесип тандаганды билбейт. Абитуриент бир окуу жайдын факультетине тапшырып жатканда ата-энелеринин же жакындарынын пикирин эске алып, бирок өзү каалаган, өзү жактырган, университетти аяктаганда ошол кесип менен иштей турган бөлүмгө тапшырышы керек", — деди Абдылдаева.

Ал мектеп жашындагы балдарга туура багыт берүү абдан маанилүу экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0