Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абылкасымова: бакалаврдык билим менен иш табууга толук мүмкүнчүлүк бар

© Sputnik / Табылды КадырбековГлава управления профессионального образования Минобразования Гульмира Абылкасымова
Глава управления профессионального образования Минобразования Гульмира Абылкасымова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү министрлигинин кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлмира Абылкасымова бакалавр жана магистратуралык система жаңы кабыл алынган учурда жумушка кирүү мүмкүнчүлүгү азайды деп ойлогондор көп болгонун айтты.
Абылкасымова: бакалаврдык билим менен иш табууга толук мүмкүнчүлүк бар

Бакалаврдык билим менен жумушка кирүүгө толук мүмкүнчүлүк бар. Бул тууралуу Гүлмира Абылкасымова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, университетти аяктагандар бакалаврдык билим менен эле жумушка орношуп келет.

"2012-жылы эки даярдоо системасына өткөнбүз. Бакалавр жана магистратура. Бакалаврдык билимдин ээлери толук кандуу жумушка орношууга мүмкүнчүлүгү бар. Төрт жыл билим алган адисти ишке албай койгон фактылар боюнча бизге арыз келе элек. Учурда бакалаврды аяктагандар көйгөйсүз эле иштеп жатат", — деди Абылкасымова.

Ал айрым окуу жайларда ушул кезге чейин беш жылдык окуу бар экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0