Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Төлөгөнов: аймактарды кыдырып, элди акысыз медициналык кароодон өткөрөбүз

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаместитель главного врача Национального госпиталя Бакыт Тологонов
Заместитель главного врача Национального госпиталя Бакыт Тологонов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин орун басары Бакыт Төлөгөнов аталган ооруканада дарттын дээрлик бардык түрлөрүн дарылоого мүмкүнчүлүк бар экенин билдирди.
Төлөгөнов: аймактарды кыдырып, элди акысыз медициналык кароодон өткөрөбүз

Аймактарды кыдырып, элди акысыз медициналык кароодон өткөрөбүз. Жакында эле Түп районунун алыскы айылдарында болуп кайттык. Бул тууралуу Бакыт Төлөгөнов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, оорукана тарабынан мындай иш-чаралар жылда болуп турат.

"Ар жыл сайын 5-6 дарыгерлер тобун аймактарга жиберчүбүз. Алар ар бир барган жеринде 10 күндөн элди кабыл алышат. Быйыл 140 жылдык мааракебиздин алкагында да бул иштерге өзгөчө көңүл буруп, дарыгерлер тобун көбөйтүүнү чечтик. Аймактарга барган дарыгерлер жалпы кайрылгандарды бекер кароодон өткөрүп, айрымдарын жакынкы чоң шаарларындагы же борбордогу ооруканаларга жиберишет. Кээ бирлерине ошол жерден дарылануу курсун жазып беришет. Бул үчүн биз флюорография сыяктуу ири техникалык жабдууларыбызды да алып чыгабыз", — деди Төлөгөнов.

Ал алыскы аймактага жок дарыгерлерди жиберүүгө аракеттенишерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0