Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сатаров: журналист адамдын жеке турмушуна кийлигишпеши керек

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаслуженный деятель Кыргызской Республики Абды Сатаров
Заслуженный деятель Кыргызской Республики Абды Сатаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРдин эмгек сиңирген ишмери Абды Сатаров кыргыз журналистикасынын деңгээлин жогорулатыш керектигин айтты.
Сатаров: журналист адамдын жеке турмушуна кийлигишпеши керек

Журналисттин адамдын жеке жашоосуна кийлигишүүсү этикага жатпайт. Бул тууралуу Абды Сатаров Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бирөөнүн жеке сапаттарына асылган макалалардын ордуна агартуучулук багытындагы материалдарды чыгарууга ЖМКлар басым жасоого тийиш.

"Журналист кайсы жерде иштебесин коомчулук алдындагы жоопкерчиликти сезиш керек. Мейли ал жеке менчик, мейли ал мамлекеттик компания болсун объективдүү маалымат таркатуу анын милдети. Жеке адамдардын турмушун аңтарбай, журналисттик маданиятты сактоого тийиш. Андан көрө ЖМКлар айыл чарба, бизнес жаатындагы уктуруу, көрсөтүүлөрдү эфирден көп-көп кетирип, тажрыйбалар тууралуу эфирлерди даярдаганы жакшы", — деди Сатаров.

Ал каналдардын саны өскөндүктөн айрым каналдарды көрүүчүлөр көрбөй калганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0