Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Өмүрбеков: ата энелерди кичинекей балдарына тыйын бербөөгө чакырам

© SputnikБишкек шаардык Тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери, профессор Талант Өмүрбеков
Бишкек шаардык Тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери, профессор Талант Өмүрбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык Тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери, профессор Талант Өмүрбеков жайкы каникул убагында ата-энелер балдарына жакшылап көңүл буруусу керектигин айтты.
Өмүрбеков: ата энелерди кичинекей балдарына тыйын бербөөгө чакырам

Ата-энелерди кичинекей балдарына тыйын бербөөгө чакырам. Анткени аны жутуп алып, убагында билинбей өтүшүп кеткен учурда бизге келип түшкөн окуялар көп болууда. Бул тууралуу Талант Өмүрбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жылына жүзгө чукул бала тыйын жутуп ооруканага кайрылса, алардын жарымы жайкы каникул учурунда катталат.

"Эгемендик алган соң тыйын акчаларыбыз жок болуп калган жылдары балдар арасында бул кырсык дээрлик учурабай калган. Азыр кайра күчөдү. Тыйынды акча катары да, оюнчук катары да балдарга бербеш керек. Ал кызыл өңгөчкө туруп калбай ары жылып кеткен күндө да жалпак болгондуктан жабышып калат. Жыйынтыгында бир аз күндөн кийин бир топ олуттуу ооруларды пайда кылат", — деди Өмүрбеков.

Ал чоңоюп эле калган балдар деле тыйын жутуп алып кайрылган учурлар бар экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0