Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Казакбаев: Жаштар аллеясына Темир Жумакадыровдун ысымын ыйгаралы

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев. Архив
Республика — Ата-Журт фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев демилгени жаштар сунуштап жатканын айтты.
Казакбаев: Жаштар аллеясына Темир Жумакадыровдун ысымын ыйгаралы

Бишкек шаарындагы Жаштар аллеясына Темир Жумакадыровдун ысымын ыйгаралы. Бул тууралуу депутат Руслан Казакбаев парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, демилгени жаштар сунуштап жатат.

"Кыргыз элине ак дилден кызмат кылган инсандарыбыз көп. Ошолордун бири маркум Темир Жумакадыров десек жаңылышпайбыз. Кыргыздын чыгаан уулу мамлекеттин өнүгүүсүнө чоң салым кошту. Кесипкөйлүгү жана кыраакылыгы менен айырмаланып турду. Бишкек шаарындагы Жаштар аллеясына Темир Жумакадыровдун атын берсек. Бул демилгени өкмөттүн, президенттин өкүлдөрү, карап чыксаңыздар", — деди депутат.

Эске сала кетсек, вице-премьерлик кызматты аркалаган Темир Жумакадыров 2017-жылы 7-октябрда Москва районунун Садовое айылында жол кырсыгынан улам каза болгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0