Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Нурманбетов: 6,5 жылда 20 млн. сом айып пул төлөндү

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаведующий отделом промышленной экологии Госэкотехинспекции Жолдош Нурманбетов
Заведующий отделом промышленной экологии Госэкотехинспекции Жолдош Нурманбетов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик экотехинспекциянын экологиялык башкармалыгынын инспектору Жолдош Нурманбетов экологияны сактап калуу багытында алгылыктуу иш-аракеттер жасалып жатканын айтты.
Нурманбетов: 6,5 жылда 20 млн. сом айып пул төлөндү

Экологиялык багытта 6,5 жылда 20 миллион сомдой айып пул мамлекеттин казынасына төлөндү. Бул тууралуу Жолдош Нурманбетов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, экологиялык башкармалыктын максаты — жарандарга айып пул төлөтүү эмес, мыйзамдарды бузууга бөгөт коюу.

"Биздин инспекциянын ачылганына алты жарым жыл болду. Бул аралыкта мамлекеттин эсебине 20 миллион сомдой айып пул төлөндү. Биздин максат элди айыпка жыгуу эмес, айлана-чөйрө багытындагы мыйзам бузууларды жоюу болуп эсептелет", — деди Нурманбетов.

Ал айлана-чөйрөнү коргоо ар бир жарандын милдети экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0