Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бийназаров: желимден күрүч жасоо мүмкүн эмес

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"АгроПром Холдинг" кайра иштетүү ишканасынын жетекчисинин орун басары Чыңгыз Бийназаров
АгроПром Холдинг кайра иштетүү ишканасынын жетекчисинин орун басары Чыңгыз Бийназаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"АгроПром Холдинг" кайра иштетүү ишканасынын жетекчисинин орун басары Чыңгыз Бийназаров желим бөтөлкөлөрдөн кайра иштетүү методу менен 300дөн ашуун зат өндүрсө болорун айтты.
Бийназаров: желимден күрүч жасоо мүмкүн эмес

Желимден күрүч жасоо мүмкүн эмес. Социалдык тармактарга тарап жаткан видеодо күрүч эмес, желим гранулдары жасалып жатканы көрсөтүлөт.

Анын айтымында, желимден кайра иштетүү жолу менен күрүч жасаган күндө да ал нукура күрүчтү өндүрүүдөн кымбатка түшөт.

"Кайра иштетүүдө желим бөтөлкөлөр майдаланып кесилет. Бул сыртынан караганда күрүчкө окшош көрүнгөнү менен колго алганда пластик экени билинип турат. Ал сырьедон кийим тиккен жиптен баштап кайра эле желим баштыктарын, дагы башка көптөгөн нерселер жасалат. Социалдык тармакка тараган видео Кытайда тартылып, ушул процесс көрсөтүлгөн сыяктуу", — деди Бийназаров.

Ал жарандарды интернеттеги такталбаган түрдүү видеолорго ишенбөөгө чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0