Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Естебесова: чылымда төрт миңден ашуун зыяндуу заттар бар

© Sputnik / Табылды КадырбековВрач-пульмонолог Бермет Естебесова
Врач-пульмонолог Бермет Естебесова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мирсаид Мирахимов атындагы улуттук кардиология жана ички оорулар борборунун өпкө оорулары бөлүмүнүн дарыгери Бермет Естебесова тамеки чегүү көптөгөн ооруларга алып келерин айтты.
Естебесова: чылымда төрт миңден ашуун зыяндуу заттар бар

Чылымда төрт миңден ашуун зыяндуу заттар бар. Ошондуктан, аны чеккен адамдын инфаркт, инсульт ооруларына кабылуу коркунучу, чекпеген инсандарга караганда 50 пайызга жогору. Бул тууралуу Бермет Естебесова Sputnik Кыргызстан радиосуна 31-май — Чылым чегүүгө  каршы күрөшүүнүн  бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, адамды тамеки тартууга байлаган негизги зат — никотин.

"Тамеки тарткан адамдын кан тамыр, жүрөк, кан басымдын көтөрүлүүсү, өпкө ооруларынын түрлөрүнө чалдыгуу мүмкүнчүлүгү чоң. Чылымдын зыяны анын түтүнүндө. Түтүндөгү заттардын 60 пайызы канцероген болуп саналат. Бул зат түздөн-түз шишик ооруларын пайда кылат. Чылым түтүнү биз дем алган аба аркылуу киргендиктен, кан тамырларды аралап, канды коюултат. Мындай кандын айланышы жай болуп, жеген тамагыбыздагы холестериндин кан тамырга жабышуусуна жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт. Анын кесепетинен  кан тамыр, жүрөк оорулары пайда болот ", — деди Естебесова.

Ал ошондой эле ар бир тамеки кутучасында чылым чегүүнү таштагысы келгендерге жардам көрсөтүүчү борбордун телефон номерлери жазылганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0