Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абылкасымова: жогорку окуу жайларда бюджеттик орундар толбой калууда

© Sputnik / Табылды КадырбековГлава управления профессионального образования Минобразования Гульмира Абылкасымова
Глава управления профессионального образования Минобразования Гульмира Абылкасымова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү министрлигинин кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлмира Абылкасымова ЖРТнын босого упайы 110, ал эми предметтик тест боюнча 60 экенин айтты.
Абылкасымова: жогорку окуу жайларда бюджеттик орундар толбой калууда

Абитуриенттер үчүн мамлекет тарабынан бөлүнгөн бюджеттик негиздеги орундар толбой калууда. Бул тууралуу Гүлмира Абылкасымова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай көрүнүш окуучулардын билим деңгээлинин төмөндүгүнөн улам келип чыгууда.

"Мамлекет тарабынан бөлүнгөн 5705 бюджеттик орундан 500-600 орун жыл сайын толбой калып жатат. Буга физика жана математикадан сабак берген мугалимдердин жетишпей жатышы себеп болууда", — деди Абылкасымова.

Ал бул жылы мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн саны 60 миң, 9-классты аяктап жаткандар 90 миң, кесиптик окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү 25 миңге жакын экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0