Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сыдыков: чек арадагы иттер 3-6 ай кезинде тандалат

© Sputnik / Табылды КадырбековМЧКнын чек ара кайтаруу башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы, подполковник Мирзамир Сыдыков
МЧКнын чек ара кайтаруу башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы, подполковник Мирзамир Сыдыков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
МЧКнын чек ара кайтаруу башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы, подполковник Мирзамир Сыдыков чек араны коргоодо иттердин салымы чоң экенин айтты.
Сыдыков: чек арадагы иттер 3-6 ай кезинде тандалат

Чек арада кызмат өтөгөн иттер 3-6 ай кезинде тандалып алынат. Бул тууралуу Мирзамир Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, иттердин да өзүнө жараша мүнөзү болот.

"Чек арадагы иттер атайын талаптарга жооп бериши керек. Аты аталган жаныбардын баары эле чек ара кызматкеринин ити боло албайт. Негизи, аларга 3-6 ай кезинде байкоо салып, эгер талаптарга жооп берсе тандап алабыз. Иттердин да адамдар сыяктуу эле өзүнө гана таандык болгон мүнөзү жана шыгы болот. Мына ушул дараметине жараша алар издөөчү, баңгизат табуучу жана короочулук багыттарга бөлүнүп, кызмат кылып келет", — деди Сыдыков.

Ал чек ара иттеринин бамсыдуу бөлүгү немис овчаркасы түзөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0