Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бообекова: бактылуу болуш үчүн жубайлар бири-бирин колдошу керек

© Sputnik / Исмаил МамытовКандидат педагогических наук, психолог Кадиян Бообекова
Кандидат педагогических наук, психолог Кадиян Бообекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ага окутуучу, педагогика илимдеринин кандидаты жана психолог Кадиян Бообекова үй-бүлөнүн негизги аткара турган иши – бири-бирин сүйүү жана колдоо экенин айтты.
Бообекова: бактылуу болуш үчүн жубайлар бири-бирин колдошу керек

Бактылуу болуш үчүн жубайлар бири-бирин колдошу керек. Бул тууралуу Кадиян Бообекова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ишеним жана колдоо үй-бүлөнүн пайдубалын бекемдеп турат.

"Үй-бүлөнүн бир канча функциясы бар. Мисалы тукум улоо, салтты үйрөтүү, келечектин атуулун көбөйтүү, өнүктүрүү, балага статус берүү ж.б.у.с. Бирок булардын ичинен эң маанилуүсү бири-бирин сүйүү, урматтоо жана кам көрүү фунциялары турат. Жубайлар бактылуу болуш үчүн бири-бирин ар кандай кырдаалда колдоп турушу керек. Эгер күйөөсү аялын эркелетпесе ал аял башка эркекке эркелегиси келиши мүмкүн. Ошол эле учурда күйөөсү аялынан жакшы сөз укпаса башка аялдан жылуу сөз укканды каалашы мүмкүн", — деди психолог.

Ал ар бир адам мээримге жана сый көрүүгө муктаждыгы бар экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0