Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Калмурзаева: окуучулар 48 саатта аймактагы көйгөйлөрдү чечүү жолун табышты

© Sputnik / Табылды КадырбековБорбордук Азиядагы IDEA программасынын аткаруучу директору Эльвира Калмурзаева
Борбордук Азиядагы IDEA программасынын аткаруучу директору Эльвира Калмурзаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбордук Азиядагы IDEA уюмунун аткаруучу директору Эльвира Калмурзаева мектеп окуучулары келечекте пайдасы тие турган долбоорго көп катышуусу керектигин айтты.
Калмурзаева: окуучулар 48 саатта аймактагы көйгөйлөрдү чечүү жолун табышты

Сузак жана Ысык-Ата райондорундагы мектеп окуучулары жашаган жериндеги көйгөйлөрдү чечүү жолдорун издеди. Бул тууралуу Эльвира Калмурзаева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мектеп окуучулары тырмак текшерүү, форма кароо сыяктуу чакан иштер менен алектенет.

"Сузак жана Ысык-Ата райондорундагы эң активдүү мектеп окуучуларын тандап алып, 48 сааттын ичинде социалдык долбоорлордун үстүндө иштедик. Алар өзүлөрү жашаган аймактагы эң курч делген көйгөйлөрдү аныктап, аны чечүү жолдорун ойлоп табышты", — деди Калмурзаева.

Ал мектеп окуучулары тапкан маселелердин басымдуу бөлүгүн балдар арасындагы чыр-чатактар жана жолдогу жарыктын жетишсиздиги түзгөндүгүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0