Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Иманалиев: эгемендүүлүктө жетишкен жалгыз байлыгыбыз — сөз эркиндиги

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат ЖК 6 созыва Каныбек Иманалиев
Депутат ЖК 6 созыва Каныбек Иманалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев Кыргызстанда сөз эркиндигинин кадыры соңку жылдары абдан түшүп кеткенин айтты.
Иманалиев: эгемендүүлүктө жетишкен жалгыз байлыгыбыз — сөз эркиндиги

Эгемендүүлүктө жетишкен жалгыз байлыгыбыз — сөз эркиндиги. Бизде башка коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу ал бар. Мындай пикирин Каныбек Иманалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурдагы кыргыз журналисттеринин деңгээли түшүп кетти деген түшүнүк туура эмес.

"Бизде сөз эркиндиги салыштырмалуу бар, мыйзамдар да толук кандуу буга жол берет, бирок соңку жылдары саясий өңүттө кысымга көп алынып жатат. Журналисттерди айып пулга жыккан учурлар көп болууда. Ошентсе да акыркы айларда кайра оң жолго түштү десек болот. Анткени президент Сооронбай Жээнбеков маалымат агенттикке жана бир журналистке болгон доо арызын кайра кайтарып албадыбы, эми мындан ары журналисттерге болгон кысым азайып, сөз эркиндиги мурдагы калыбына келет деп ойлойм", — деди Иманалиев.

Ал эл аралык коомчулук алдында Кыргызстандагы сөз эркиндигинин беделин көтөрүү иштерине көңүл буруу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0