Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жантелиев: балдарым артист болгусу келбейт

© SputnikКино жана театр артисти Марат Жантелиев
Кино жана театр артисти Марат Жантелиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кино жана театр артисти Марат Жантелиев балдарынын актердук таланты жок экенин айтты.
Жантелиев: балдарым артист болгусу келбейт

Балдарым артист болгусу келбейт. Болоюн десе деле талант жок. Бул тууралуу Марат Жантелиев Sputnik Кыргызстан радиосуна өзүнүн өмүр чыгармачылыгы тууралуу маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кызы бий менен алектенип жүрөт, бирок кино дүйнөсүнө анчейин кызыга бербейт.

"Уулум айылда чоңоюп калды. Кийин шаарга биздин колубузга келгенде деле артист болууга такыр кызыккан жок. Бир жолу "спектакль эле дейсиз, көрөйүнчү" деп театрга келиптир. Көрүп алып ошондон тартып айрым учурларда достору менен келип калат, бирок сахна тууралуу такыр кыялданбайт ", — деди Жантелиев.

Ал ошондой эле өзү да бир үйгө бир эле артист жетет деген пикирде экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0