Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жаманкулов: Кыргызстан жылына 18 млн. туристти кабыл ала алат

© Sputnik / Табылды КадырбековМаданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов. Архив
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов учурда туризм тармагы мамлекеттик бюджеттин 5 пайызын жаап жатканын айтты.
Жаманкулов: Кыргызстан жылына 18 млн. туристти кабыл ала алат

Кыргызстан жылына 18 миллион туристти кабыл ала алат, бул дүйнөлүк тажрыйбада көрсөтүлгөн. Бардык өлкө өз элинин санынан 3 эсе көп саякатчыны кабыл ала алат. Мындай пикирин Азамат Жаманкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна жайкы туристтик сезонго даярдыктар тууралуу маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мурдагы жылы өлкөгө 4 миллион турист кирсе, былтыр алардын саны жарым миллионго көбүрөөк болору болжолдонууда.

"Туристтердин санын жылдан-жылга көбөйтүүнү максат кылуудабыз. Алардын келүүсүн ар жыл сайын 20 пайызга көтөрүү мүмкүнчүлүгүбүз бар. Дүйнөлүк тажрыйбада эс алуучулардын саны өтө көбөйүп кетип, өлкөнүн экологиясына зыяны тийген учурлар да кездешет. Мындай кооптонуулар бизде да айтылып келет. Андыктан биз сандан сапатка көңүл буруубуз керек. Дүйнөдө туризмден тапкан каражат менен 20-30 пайыздык бюджетин камсыздаган өлкөлөр бар. Келечекте түшкөн каражатты мындай суммага жеткирүү биздин да планыбызда бар. Ал үчүн көп иштер жасалуусу керек", — деди Жаманкулов.

Ал ошондой эле Кыргызстан учурда экологиялык өлкө катары дүйнөнү кызыктырып жатканын кошумчалады.

Эскерте кетчү жагдай, респонденттин пикири редакциянын көз карашына дал келбей калышы мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0