Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Чыналиева: адамдардын 63 пайызы өзүнүн кесибин жактырбайт

© Sputnik / Табылды КадырбековСүрөтчү жана "Өз кесибин табуу" долбоорунун автору Наргиз Чыналиева
Сүрөтчү жана Өз кесибин табуу долбоорунун автору Наргиз Чыналиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сүрөтчү жана "Өз кесибин табуу" долбоорунун автору Наргиз Чыналиева абитуриенттердин көпчүлүгү кесип тандоодо өзүнүн эмес, өзгөлөрдүн пикирин эске аларын айтты.
Чыналиева: адамдардын 63 пайызы өзүнүн кесибин жактырбайт

Адамдардын 63 пайызы өзүнүн кесибин жакшы көрбөйт. Бул тууралуу Наргиз Чыналиева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, адам өз кесибин сүйбөсө бактылуу боло албайт.

"Мектепти аяктап жаткан балдар кесипти ата-энесинин, жакындарынын сунушу боюнча тандайт. Окуу жайды бүтүп, иштеп баштаганда ал кесип өзүнө жакпай турганын сезет. Дүйнөлүк статистика боюнча адамдардын 63 пайызы иштеген ишин жакшы көрбөйт. Эгер адам жасап жаткан жумушун жактырбаса өзүн кантип бактылуу сезет? Бактылуу боло албайт. Ал бир күн бою убактысын жумушунда өткөрөт", — деди Чыналиева.

Ал адамдын өзүн өзү таба билүүсү өтө маанилүү экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0