Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Момаханова: музейлерге 18-майда эле көңүл бурулат деген туура эмес

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаардык мемориалдык музейлеринин бириккен дирекциясынын директору Арман Момаханова
Бишкек шаардык мемориалдык музейлеринин бириккен дирекциясынын директору Арман Момаханова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык мемориалдык музейлеринин бириккен дирекциясынын директору Арман Момаханова музейлер ар түрдүү иш-чараларды өткөргөн жерге айлангандыгын айтты.
Момаханова: музейлерге 18-майда эле көңүл бурулат деген туура эмес

Кыргызстанда музейлерге 18-май музей күнүндө гана көңүл бурулат деген пикирди четке какты. Бул тууралуу Арман Момаханова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, музейди түнкүсүн кыдырып чыгуу өзгөчө таасир берет.

"Албетте, музейге баруу адамдын жан-дүйнөсүнө ырахат тартуулайт. Өзгөчө кечкисин жарыктар жанып, музейден экспонаттарга да жан киргендей сезим калтырат. Негизи музейлерге 18-майда гана эмес, такай эле көңүл бурулуп, шаар тургундары тарабынан кызыгуулар жаралып келет", — деди директор.

Ал музейге коюлчу буюмдарды табуу оңой эместигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0