Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мукеева: бүтүндөй өлкө боюнча 1,5 миң гана үй-бүлөлүк дарыгер калды

© SputnikКРдеги үй-бүлөлүк медайымдар менен үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун ассоциациясынын административдик директору Сүйүмжан Мукеева
КРдеги үй-бүлөлүк медайымдар менен үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун ассоциациясынын административдик директору Сүйүмжан Мукеева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРдеги үй-бүлөлүк медайымдар менен үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун ассоциациясынын административдик директору Сүйүмжан Мукеева көптөгөн дарыгерлер кошуна өлкөлөргө кетип калганын айтты.
Мукеева: бүтүндөй өлкө боюнча 1,5 миң гана үй-бүлөлүк дарыгер калды

Бүтүндөй өлкө боюнча 1,5 миң гана үй-бүлөлүк дарыгер калды. Бул тууралуу Сүйүмжан Мукеева Sputnik Кыргызстан радиосунда үй-бүлөлүк дарыгерлер тууралуу маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, үй-бүлөлүк дарыгерлердин маянасы өтө эле аз.

"Биз эгемендүүлүк алгандан кийин көптөгөн үй-бүлөлүк врачтар башка өлкөгө чыгып кетти. Учурда алар кошуна өлкөлөрдө миңдеген доллар алып иштешет. А бизде болсо айлык 4500 сом. Ошондуктан учурда алты миллион адамга 1,5 миң гана үй-бүлөлүк дарыгер туура келет", — деди Мукеева.

Ал үй-бүлөлүк дарыгерлердин көпчүлүгү пенсия курагында экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0