Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кожобеков: абитуриенттер үчүн жогорку окуу жайлардын рейтинги түзүлө баштайт

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаместитель министра образования и науки КР Кудайберди Кожобеков
Заместитель министра образования и науки КР Кудайберди Кожобеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков билим берүүдө сандан сапатка өтүү керектигин билдирди.
Кожобеков: абитуриенттер үчүн жогорку окуу жайлардын рейтинги түзүлө баштайт

Эми ар окуу жылынын соңунда ЖОЖдордун ишмердүүлүгү упай менен бааланып рейтинги түзүлөт. Бул тууралуу Кудайберди Кожобеков Sputnik Кыргызстан радиосуна "Жогорку окуу жайлардагы реформа" темасынын алкагында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө жалпысынан 63 жогорку окуу жай бар. Алардын 31и мамлекеттик, калганы жеке менчик болуп саналат.

"Биз 2018-окуу жылынан тартып, ар бир окуу жайдын багыттары боюнча рейтингин чыгарып турабыз. Мисалы экономика адистигин 20 окуу жай даярдап жаткан болсо, ошол адистик боюнча окуу жайлардын рейтинги чыгат. Бул абитуриентке ачык тандоо мүмкүнчүлүгүн түзөт. Ошону менен бирге бир нече жыл акыркы орунда калган факультеттер табигый жол менен жабылат", — деди Кожобеков.

Ал мындай жол менен окутуучулар да иргелээрин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0